Жаштардын руханий адеп-ахлагынын өнүгүүсү жана мекенчилдик сезимин ойготуу, коомго керектүү мыкты адис катарында тарбиялоо максатында Эл аралык Кувейт университетинин кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин Жамалбекова Гулнур Асанбековнанын колдоосу менен ИЯ(к)-1-20, ПН(к)о(9кл)-1-21,2-22 группаларынын Абдыжапар кызы Нурзаттын куратордук иш-планынын негизинде жана старосталарды көзөмөлдөп иш алып барууда Бактыгүл Сабиржанова менен биргеликте 05-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында экскурссия уюштурулду.
Студенттерди Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Сыдыков Мурадил Жанышбекович кабыл алып студенттер менен кенен баарлашып мыйзам чыгаруунун жол-жобосу, депутаттардын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын иш-аракеттери жана кесип тандоо, тарыхый инсандардын баскан жолу менен өрнөктүү өмүрүнөн үлгү алууга үндөп, жаштардын мекенчилдик сезимдерин ойготуу, алардын билим алууга, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга байланыштуу кеп кеңештерди айтып эркин баарлашты.
Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков жаштарга ар бир кесип ардактуу экенин айтып, студенттерди азыркы мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып терең билим алууга, улуу муундан калган улуттук баалуулуктарды аздектеп, Кыргызстандын өнүгүшүнө салмактуу салым кошууга чакырды.
Бул иш-чаранын максаты тарыхый имараттын ичин кыдыртып пленардык жыйындын жүрүшү менен тааныштырып, тарыхый жерлерди жана мамлекетке эмгеги сиңген инсандардын баскан жолун көрсөтүү аркылуу, студенттердин лидерлик сапатын өрчүтүүгө, мекенчилдик сезимдерин ойготуп, билим алууга умтулуусун жогорулатуу менен өлкөбүзгө, билими менен пайда алып келе турган жаштарды өстүрүү жана аларга багыт көрсөтүү болуп эсептелет.
Жолугушуу Жогорку Кеңештин официалдуу баракчаларында (официалдуу сайтында, инстаграмм, фейсбук, твиттер, телеграмм) жана Ынтымак партиясынын баракчаларына, депутаттын өздүк маалыматтык булактарында жарыяланды. Бул маалыматтык колдоолор Эл аралык Кувейт университетинин жана кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн репутациясын жогорулатууга жана профорентациялык багыттагы иштерге жарнама катарында пайдаланууга болот.