Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган “Мамлекеттүүлүк жана тил: кечээ, бүгүн, эртең” аттуу студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чарага Ж.Баласагын атындагы КУУнун, И.Арабаев атындагы КМУнун, И.Абдраимов атындагы КАИнин, Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун студенттери баяндамалары менен катышышты. Иш-чараны Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор Байсеркеев Аскарбек Эсенович салтанаттуу ачып илимий-практикалык конференциянын ишине ийгиликтерди каалады.
Конференциянын кадырлуу коноктору:
- Кадырова Зинат Туратбековна – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Абдыжапар уулу Мундузбек – Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин котормо борборунун эксперти, филология илимдеринин кандидаты;
- Ормушев Асан Сулайманович – Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор;
- Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор, жазуучу-публицист;
- Бошумова Тлеухор Изембековна – Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ардагери, Кыргыз Республикасынын ардактуу авиатору, 1966-жылы Фрунзе – Москва маршруту боюнча ИЛ-18 самолетунун бортунда Советтик Кыргызстандын биринчи секретары Т.Усубалиев башчылык кылган КПССтин партсъездинин делегаттары үчүн биринчи кыргыз тилинде алып барган алгачкы стюардесса;
- Исмаилова Даражан Намазовна – И.Раззаков атындагы КМТУнин доценти, филология илимдеринин кандидаты;
- Качкимбаева Венера Анарбаевна - И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун музейлер бөлүмүнүн башчысы.
![]() |
![]() |
![]() |