Социалдык-гуманитардык, табигый дисциплиналар жана дене тарбия кафедрасы тарабынан "Чыңгыз Айтматов - ХХI кылымдын кайталангыс жана өчпөс жылдызы" аттуу улуу залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган интеллектуалдык оюн менен коштолгон атайын иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарада студенттердин курама топторунун эмблемаларынын мааниси чечмеленип, презентациялар, улуу жазуучуга арналган ырлар көркөм айтылып (орус жана кыргыз тилдеринде), чыгармаларынан монолог окулду. Улуу залкар жазуучуга арналган маданий иш-чара интеллектуалдык оюн менен жыйынтыкталды.
![]() |
![]() |
![]() |
|