Эл аралык мамилелер кафедрасынын 3-курсунун студенти Назарали уулу Мырза-Али жакында эле Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында болуп өткөн Көз карандысыз мамлекеттеринин шериктештиги уюмунун Жаштар ассамблеясы тарабынан уюштурулган маданий иш-чарасында КМШ өлкөлөрүнүн жаштар саясатына зор салым кошкондугу үчүн “КМШнын мыкты студенти” төш белгисине, 1-даражадагы дипломго жана күбөлүгүнө ээ болду.
Аталган сыйлыкты Эл аралык Кувейт университетинин ректорунун кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык Чынгыз Айтматов атындагы коомдук академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Сулайманович Ормушев тапшырып, мындан аркы окууларына ийгиликтерди каалоо менен чын дилден ак батасын берди.
![]() |
![]() |