Эл аралык Кувейт университетинин тажрыйбалуу педагогу, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы Жаңыбаева Асылгүл Кененбаевна көп жылдык билим берүү тармагындагы үзүрлүү жана үлгүлүү эмгеги үчүн Кыргыз KG көп тармактуу редакциясынын “УЛУТ СЫЙМЫГЫ” медалына ээ болду.
Бүгүн аталган сыйлыкты Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор Аскарбек Эсенович Байсеркеев салтанаттуу тапшырып жатып, Асылгүл Кененбаевнага окуу жайдын жалпы профессордук-окутуучулар жамаатынын жана өзүнүн атынан бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана педагогикалык ишмердүүлүгүнө чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
![]() |
![]() |