Бүгүн Эл аралык Кувейт университетинде Студенттик мажлистин маданият сектору “Эл аралык эне тил күнүн” урматына майрамдык кече уюштурду. Эл аралык эне тил күнү ЮНЕСКО эл аралык уюму тарабынан 1999-жылы 21-февралды эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген. ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен.
Майрамдык кече тилге байланыштуу кызыктуу видео-тасмалар жана ыр саптары менен коштолду. Куттуктоо сөзү менен чыккан Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор Байсеркеев Аскарбек Эсенович тилдин улуулугуна жана анын касиеттерине токтолуу менен көп улуттуу кыргыз жергесинин жарандарына, окуу жайыбызда билим алып жатышкан жаштарга ынтымак жана чыгармачылык ийгиликтерди каалап өттү.
![]() |
![]() |
![]() |
![]() |