2023-жылдын 02-февралында «Экономика жана менеджмент» кафедрасы тарабынан уюштурулган тегерек столго Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, ассоциацияларынын, финансы-каржылык мекемелеринин жана коммерциялык уюмдарынын өкүлдөрү ошондой эле бүтүрүүчүлѳр катышты.
Тегерек столдо билим берүүнүн негизги программасы талкууланып, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр өз ой пикирлерин, сунуштарын айтышты.
Бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр тарабынан анкета толтурулду.
Анда окуу пландарынын ичиндеги кээ бир сабактардын өтүлүшү, аларга болгон өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунушташты. Андан сырткары студенттердин теориялык алган билимдерин, практика учурунда канчалык деңгээлде пайдалана алаары талкууланды. Студенттер өздөрүнүн суроолорун беришип, иш берүүчүлөрдөн жоопторду ала алышты. Ошондой эле иш берүүчүлөр жана окутуучулар ортосундагы байланышты жана студенттерди окутуудагы компетенттүүлүктү талкуулашып, Кыргызстандын келечеги үчүн мыкты адистерди даярдап, иш берүүчүлөр менен мындан ары дагы тыгыз байланышта болуп иштеше тургандыктарын айтышты.
http://iku.kg/index.php/component/content/article/9-news/99-b-t-r-ch-2023-k-jg-jl-r-zhana-zhumush-kelechegi-attuu-temada-tegerek-stol-bolup-tt.html?Itemid=101#sigProIdbb434786d1