Эл аралык Кувейт университетинин Эл аралык мамилелер жана юриспруденция кафедрасынын профессору Раат Исакович Исаковду жалпы окуу жайдын жамааты 85 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Көп жылдар бою эл аралык мамилелер тармагында үзүрлүү эмгектенген Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Раат Исаков агайдын 85 жылдык мааракеси Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына шайкеш келгенин жакшы жышаан катары белгилеп кесиптештери, университеттин жетекчилери чын жүрөктөн чыккан каалоолорун билдиришти.
-Эгемен кыргыз журтчулугу Сизди мамлекетибиздин көрүнүктүү Элчиси, белгилүү дипломат, эл аралык мамилелер багытында өзүнүн татыктуу орду бар инсандардын бири катары жакшы билет. Сизге чың ден-соолук, узун өмүр жана бакыт-таалай каалайбыз. Эл аралык мамилелер жаатында көп жылдар бою топтогон бай тажрыйбаңызды, терең билимиңизди жана кесиптик дараметиңизди мындар ары дагы татыктуу жаштарды тарбиялоого жумшай беришиңизге чын дилибизден тилектешпиз,- деп баса белгиледи ЭКУнун ректору, педагогика илимдеринин доктору Аскарбек Байсеркеев.
http://iku.kg/index.php/component/content/category/9-news.html?Itemid=101&layout=blog&start=100#sigProId7ea41a5be0