2023-жылдын 13-апрелинде Эл аралык Кувейт университетинин кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн кураторлору Асилбек кызы Каным, Алмасбекова Орозкул Алмасбековна жана ЭКУнун КОБББнын бүтүрүүчүсү Илиязов Мырзакмат менен биргеликте уюштурулган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында экскурссия уюштурулду.
Экскурссияга ИЯ(к)-1-22, ИЯ(к)-2-22, ПИ(к)-1-22, ЭБ(к)-1-21 тайпасынын студенттери катышты.
Студенттерди Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын “Алянс” партиясынын депутаты Жамгырчиев Эмил Эрикович кабыл алып, алар менен кенен баарлашып, кызыккан суроолоруна жооп берип, өзүнүн баскан жолу, тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаштардын мекенчилдик сезимдерин ойготуу, билим алууга, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, чет тилин үйрөнүү, чет өлкөдө окуу тууралуу кеп кеңештерди айтып, эркин баарлашты.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев жаштарга ар бир кесип ардактуу экенин айтып, студенттерди азыркы мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып терең билим алууга, экологияга аяр мамиле жасоого үндөп, 14-апрелде боло турган “Ботаникалык бакчаны” жашылдандырууга (көчөт отургузууга) чакырды.
http://iku.kg/index.php/component/content/category/9-news.html?Itemid=101&layout=blog&start=35#sigProIdc509c9c838