+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Акыл таймаш интеллектуалдык оюну

Эл аралык Кувейт университетинин Араб филологиясы кафедрасы тарабынан "Бүткүл дүйнөлүк араб тили күнү" жана "Кувейт мамлекетинин улуттук күнүнө" карата 17-февралда АКЫЛ ТАЙМАШ интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.

Бул ири билим сынагына 4 катышуучудан турган жалпы 24 команда катышып, оюн кызыктуу жана атаандаштыкка жык толгон маанайда өттү.

Катышуучулар:

  • Кыргызстан Ислам университетинин студенттери
  • Бишкек Мамлекеттик университетинин студенттери
  • Эл аралык Кувейт университетинин студенттери

Интеллектуалдык таймаштын калыстыгын төмөнкү тажрыйбалуу адистер жүргүздү:

  • Махмуд Рамадан – Кыргызстан Ислам университетинин Шарият кафедрасынын доктору, калыстар тобунун башчысы.
  • Салих Лутфилла уулу – Кыргызстан Ислам университетинин Шарият кафедрасынын башчысы, калыстар тобунун мүчөсү.
  • Куштарбек Турдубаев – Бишкек Мамлекеттик университетинин окутуучусу, калыстар тобунун мүчөсү.
  • Ибрагим Мырзамамытов – Эл аралык Кувейт университетинин ага окутуучусу, калыстар тобунун мүчөсү.
  • Олжобай Ташполотов – Эл аралык Кувейт университетинин ага окутуучусу, калыстар тобунун мүчөсү.

Оюндун жогорку деңгээлде өтүшүнө жана адилеттүү баалоого салым кошкон калыстар тобуна терең ыраазычылык билдиребиз.

       

Акыл таймаштын категориялары:

  1. Жалпы араб тили
  2. Араб өлкөлөрүнүн географиясы
  3. Кыргызстан тарыхы
  4. Рамазан
  5. Ислам тарыхы
  6. Ар түрдүү суроолор.

Ар бир категория боюнча 8 суроо берилди. Топтолгон упайлардын негизинде жеңүүчүлөр аныкталды.

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР:

1-орун – Араб филологиясы кафедрасынын 3-курсунун студенттери (43 упай)

2-орун – Ушул эле кафедранын эки командасы (39 упай)

Калган командалар да жогорку деңгээлде оюн көрсөтүшүп, мыкты билимдерин далилдей алышты.

Бул интеллектуалдык таймаш университетибиздин салттуу иш-чарасына айланып, жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучулар ар тараптуу, кызыктуу суроолорго жооп берип, пайдалуу тажрыйба топтошту.

Уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз! Илим-билим жолунда мындан аркы иштерине жана окууларына ийгиликтерди каалайбыз!

 

“Эл аралык эне тил күнү” куттуу болсун!!!

Бүгүн Эл аралык Кувейт университетинде Студенттик мажлистин маданият сектору “Эл аралык эне тил күнүн” урматына майрамдык кече уюштурду. Эл аралык эне тил күнү  ЮНЕСКО эл аралык уюму тарабынан 1999-жылы 21-февралды эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген. ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен.

Майрамдык кече тилге байланыштуу  кызыктуу видео-тасмалар жана ыр саптары менен коштолду.  Куттуктоо сөзү менен чыккан Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор Байсеркеев Аскарбек Эсенович тилдин улуулугуна жана анын касиеттерине токтолуу менен көп улуттуу кыргыз жергесинин жарандарына, окуу жайыбызда билим алып жатышкан жаштарга  ынтымак жана чыгармачылык ийгиликтерди каалап өттү.

         

 

   

30 января 2025г. кафедра «Юриспруденция» Международного Кувейтского университета провела круглый стол

30 января 2025г. кафедра «Юриспруденция» Международного Кувейтского университета провела круглый стол на тему: «Тенденции и перспективы современного юридического образования в Кыргызской Республике». Данное мероприятие проводится ежегодно в рамках программной аккредитации.

         

Главная цель круглого стола - обмен опытом, мнениями между участниками круглого стола (работодателями, выпускниками, родителями, сотрудниками образовательной сферы) в области компетенций, которыми должен владеть на сегодняшний день современный выпускник ВУЗа; каковы тенденции и перспективы юридического образования сегодня; с какими вызовами сталкивается современное право; какие условия приема на работу предъявляет работодатель к выпускнику; каков международный опыт получения юридического образования; с какими трудностями сталкивается выпускник направления «Юриспруденция» в процессе получения юридического образования и трудоустройства и др.

Участниками круглого стола были Заместитель Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики; Специалисты Службы юридической помощи Министерства юстиции Кыргызской Республики; Службы исполнения наказаний при Министерстве юстиции Кыргызской Республики; Заместитель Председателя Международно-правового Департамента Министерства иностранных дел Кыргызской Республики; Министерства цифрового развития Кыргызской Республики; Адвокаты Филиала Московской областной Коллегии адвокатов «Бизнес и Право»; Председатель «Ассоциации Юристы Кыргызстана», Сотрудники Управления уголовного розыска ГУВД г. Бишкек; Генеральный директор Юридической компании «Приоритет ЖасМи».

А также, наши выпускники, студенты и их родители.

В завершении круглого стола был подписан Договор о сотрудничестве  с ЮК «Приоритет ЖасМи». Проведено согласование сторон о продлении  и подписании Договоров о сотрудничестве с Аппаратом Омбудсмена, «Ассоциацией Юристы Кыргызстана», Министерством юстиции Кыргызской Республики, Службой исполнения наказаний при Министерстве юстиции Кыргызской Республики. Принята резолюция.

“Улут сыймыгы” медалы куттуу болсун!

Эл аралык Кувейт университетинин тажрыйбалуу педагогу, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы Жаңыбаева Асылгүл Кененбаевна көп жылдык билим берүү тармагындагы үзүрлүү жана үлгүлүү эмгеги үчүн Кыргыз KG көп тармактуу редакциясынын “УЛУТ СЫЙМЫГЫ” медалына ээ болду.

Бүгүн аталган сыйлыкты Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор Аскарбек Эсенович Байсеркеев салтанаттуу тапшырып жатып, Асылгүл Кененбаевнага окуу жайдын жалпы профессордук-окутуучулар жамаатынын жана өзүнүн атынан бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана педагогикалык ишмердүүлүгүнө чыгармачылык ийгиликтерди каалады.  

 

Кыргызстандын мыкты студенти – 2024» сыйлыгы куттуу болсун!

Эл аралык мамилелер кафедрасынын 4-курсунун студенти Абасбеков Белек «Кыргызстандын мыкты студенти – 2024» сыйлыгына ээ болду. 

Бүгүн аталган сыйлыкты Эл аралык Кувейт университетинин Окуу иштери жана илим боюнча проректору, доцент Алмазбек Дүйшөкович Ибраев салтанаттуу тапшырып жатып, Абасбеков Белектин окууларына ийгиликтерди каалоо менен, дагы бийиктиктерди багынта беришине тилектеш экенин билдирди.