Эл аралык Кувейт университетинде 18- декабрь Бүткүл дүйнѳлүк араб тили күнүнѳ карата, араб тили жумалыгы болуп ѳттү. Бул жумада тѳмѳнкү иш - чаралар аткарылды:
• Араб каллиграфиясы боюнча мастер класс;
• Араб каллиграфиясы боюнча кѳргѳзмѳ;
• Араб тилинде дил баян жазуу;
• Университеттин тайпалары арасында сынак (кѳркѳм окуу, сценка);
• ОКББ бѳлүмүндѳ интелектуалдык оюндар;
• Араб тили боюнча дебат;
• Араб филологиясы» кафедрасынын бүтүрүүчүлѳрү менен тегерек стол.
«Араб филорлогиясы» кафедрасынын жамааты тарабынан уюштурулган бул саамалык бир жума боюу ѳткѳрүлүп, 15- дкабырда университеттин чон залында жыйынтыктоочу иш-чара болду.
Бул иш- чараны Эл аралык Кувейт университеттин ректору профессор Байсеркеев А.Э. ачып профессор-окутуучулар жамаатын, студенттерди араб тили күнү менен куттуктап, женүүчүлѳргѳ чакан белектерди тапшырды. Жыйынтыгында студенттер тарабынан даярдалган чакан концерт коюлду.
https://iku.kg/index.php/component/content/category/9-news.html?layout=blog&start=75&Itemid=101#sigProId667f00eaf3