Студенттер соттук практикадан кайтышты

Эл аралык Кувейт университети менен Чүй областына караштуу Аламүдүн райондук сотунун ортосундагы түзүлгөн өз ара кызматташуу тууралуу меморандумдун негизинде окуу жайдын  юриспруденция кафедрасынын студенттери  практикада болуп, сот мекемелеринин иштөө тартиби менен таанышып кайтышты.

Практиканын жүрүшүндө студенттер бүгүнкү күндө Кыргызстандын сот тармагындагы АИС (автоматташтырылган маалымат системасы) программасынын иштөө системасы боюнча көптөгөн суроолоруна жооп алышты. Мындан тышкары, аталган райондук сотто студенттер соттук отурумдарга катышышты.

Мындан тышкары Аламүдүн райондук сотунун соту Азамат Узакбаевдин жетекчилиги алдында студенттер өздөрү жарандык иш кароодогу сот процессин жүргүзүштү.

Мындай практикалык  иш чаралар  студенттерди болочок  кесипке  такшылдырып, кызыктуу жана пайдалуу болоору талашсыз.