Эл аралык Кувейт университетинде адабият күнүнө карата колледждин окутуучусу Низамидин Мурзаевдин демилгеси жана окуучулардын катышуусу менен «Мен кыргыздын акыны» аттуу адабий кече өткөрүлдү. Адабий кечеге ЭКУнун ректору Аскар Байсеркеев жетектеген профессор-окутуучулар жана университеттин студенттери катышты.
Адабий кечеде окутуучу Низамидин Мурзаевдин кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган «Кыргыз акыны» поэтикалык китеби талкууга алынды. Студенттер айрым чыгармаларды көркөм окушуп, сценкаларды аткарып, өнөрлөрүн тартуулашты. Эл аралык Кувейт университетинде адабий кечелерди мындан ары үзгүлтүксүз өткөрүп турууну белгилеп жатышат.
http://iku.kg/index.php/component/content/category/9-news.html?Itemid=101&layout=blog&start=115#sigProIda843842fe5