+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

“Айкөл Манас баяны” коомдук фондунун директору, жазуучу, публицист Бактыбек Максүтов менен жолугушуу уюштурулду.

4-декабрь “Манас” күнүн утурлай Социалдык-гуманитардык, табигый илимдер жана дене тарбия кафедрасы тарабынан “Айкөл Манас баяны” коомдук фондунун директору, жазуучу, публицист Бактыбек Максүтов менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууда Б.Максүтов “Манас” эпосунун кара сөз түрүндөгү вариантынын сюжеттик өзгөчөлктөрүн жана эпостун жыйынтыктоочу бөлүмү болгон “Сейтек” эпосу менен тааныштырып, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди.

 

 

09.12.24. Лингвистика кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери тарабынан “Ааламдын чолпон жылдызы - Чыңгыз Айтматов” аттуу англис тилиндеги адабий кече уюштурулду.

09.12.24. Лингвистика кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери тарабынан “Ааламдын чолпон жылдызы -  Чыңгыз Айтматов” аттуу  англис тилиндеги адабий кече уюштурулду. Бул адабий кече башынан аягына чейин англис тилинде өтүп, Улуу жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр коюулду. Аталган иш-чара аркылуу жаштардын көп тилди билүүсү, өлкөсүнүн маданияты менен тарыхын бөтөн элдерге таанытууда оңой болоору даңазаланды. 

       

Эл аралык Кувейт университетинин китепканасы “Манас” эпосу, “Чыңгыз Айтматов ааламы жана Алыкулдун поэзиясы” аттуу китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Эл аралык Кувейт университетинин китепканасы “Манас” эпосу, “Чыңгыз Айтматов ааламы жана Алыкулдун поэзиясы” аттуу  китеп көргөзмөсүн уюштурду. Көргөзмөгө улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун жана кыргыз поэзиясынын алпы Алыкул Осмоновдун чыгармалары, мындан сырткары  мамлекеттик тилге тиешелүү окуу куралдар, монографиялар жана илимий макалалар коюлду.  Аталган иш-чаранын алкагында студенттер  пайдалуу маалыматтар менен камсыз болушуп,  Мамлекеттик тилдин улуулугун даңазалай алышты. 

 

 

 

2024-жылдын 13-ноябрында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "СЕЙТЕК" улуттук борборунда 17-ноябрь эл аралык студенттер күнүнө карата атайын майрамдык иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чараны Эл аралык Кувейт университетинин ректору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин доктору, профессор Аскарбек Эсенович Байсеркеев салтанаттуу ачып, студенттерди майрамы менен куттуктады.  Майрамдык кеченин кадырлуу мейманы, Эл аралык Кувейт университетинин камкорчусу, "Smart generation"  коомдук фондунун президенти, мырза  Мухаммед Абед Ель-Жажи  окуу жайдын студенттерин чын дилинен куттуктап окууларына ийгиликтерди каалады.  Ошондой эле Араб филологиясы кафедрасынын башчысы, доктор, профессор Кайс Мансур Мохаммад Аль-Хмуд  дагы студенттер үчүн өзүнүн жеке каалоолорун жолдоду. 

Иш-чаранын расмий бөлүгүн Эл аралык Кувейт унивеситетинин мыкты студенттерин жана студенттик мажлистин активдүү мүчөлөрүн атайын сыйлыктар менен сыйлоо аземи улады. Андан соң, КМШнын жана Түрк тилдүү мамлекеттеринин жаштар ассамблеясынын “Мыкты студенти” номинациясына ээ болгон студенттер  сыйланышты. Акырында салтка айланган 1-курстун студенттеринин студенттик билеттерин Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин деканы, юридика илимдеринин кандидаты, профессор Аскарбек Кожомбекович Исмаилов менен Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурзат Абдыжапар кызы тапшырышып студенттерди майрамы менен кызуу куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалап өтүштү.

Майрамдык кече чакан концерттик программа менен коштолду. Эл аралык Кувейт университетинин студенттерин 17-ноябрь студенттер күнү менен куттуктап Кыргыз Республикасынын эл артисти Курмангазы Азыкбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гульнара Тойгонбаева,  “Таазим дуэтинин” атынан Кубанычбек Сарыбаев менен Эльзат Тюлегенова, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Иса Омуркулов, Республикалык кароолордун дипломанты Нурлан Дюшенов  өңдүү эмгеги жана таланты менен элибиздин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчылар ыр белектерин тартуулашса, Эл аралык Кувейт университетинин 1-курсунун студенти, окуу жайыбыздын таланттуу, алтын үндүү кызы Акылай Жунушова дагы өз өнөрүн тартуулады.  Ал эми 30 жылдык тарыхы бар Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Даңк медалынын ээси Эрик Латыпов менен Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Сырга Латыповалар жетектеген Үлгүлүү элдик “Шаттык” бий ансамбли жогорку деңгээлдеги бий өнөрлөрүн тартуулашты.

     

“Кыргызстандын дипломатиясы: тарыхы жана азыркы учуру” аттуу кереге кеңеш уюштурулду.

Эл аралык мамилелер кафедрасы тарабынан Мамлекеттүүлүктүн 100 жылдыгына, Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган “Кыргызстандын дипломатиясы: тарыхы жана азыркы учуру”  аттуу кереге кеңеш уюштурулду.

Кереге кеңешти ЭКУнун Окуу иштери жана илим боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Алмазбек Дүйшөкович Ибраев салтанаттуу ачып, келген меймандарга ректордун атынан куттуктоо сөздөрүн жолдоду.

Иш-чарага СССРдин Атайын  жана Ыйгарым укуктуу 1-класстагы кенже Элчиси, Кыргыз Республикасынын мурдагы тышкы иштер министри, “Манас” орденинин кавалери,  “Кыргызстандын дипломаттары” коомдук бирикмесинин төрайымы  Түмөнбаева Жаңыл Түмөнбаевна, КРнын Атайын жана Толук Ыйгарым укуктуу Элчиси, географиия илимдеринин кандидаты, профессор Аламанов Саламат Кулембекович,  КРнын Атайын жана  Ыйгарым укуктуу Элчиси, ЭКУнун профессору Исаков Раат Исакович, ЭКУнун профессору, тышкы саясат боюнча көз карандысыз серепчи, дипломат Чекиров Кубанычбек Макешовичтер  катышып, студенттерге Кыргыз дипломатиясынын тарыхы тууралуу кенен маек куруп беришти.

Аталган иш-чараны Эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Роза Касымбаевна Дуйшеева алып барды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлүшү, кыргыз дипломатиясындагы мамлекеттик тилдин орду, ошондой эле  улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун  дипломатиялык ишмердүүлүгүнө тиешелүү бир катар баяндамалар студенттер тарабынан жасалды. Иш-чарада кыргыз элинин байыркы мезгилден бери келе жаткан элдик дипломатиясы, коңшу мамлекеттер менен болгон байланыштары жана көп улуттуу элдин маданияты, эл достугу тууралуу маалыматтар берилди. Кереге кеңештин аягында атайын резолюция кабыл алынды.