+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

“Мамлекеттүүлүк жана тил: кечээ, бүгүн, эртең”

 

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган  “Мамлекеттүүлүк жана тил: кечээ, бүгүн, эртеңаттуу студенттик илимий-практикалык конференция  болуп өттү.  Иш-чарага Ж.Баласагын атындагы КУУнун,  И.Арабаев атындагы КМУнун, И.Абдраимов атындагы КАИнин, Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун студенттери баяндамалары менен катышышты.  Иш-чараны Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор Байсеркеев Аскарбек Эсенович салтанаттуу ачып илимий-практикалык конференциянын ишине ийгиликтерди каалады.

            Конференциянын кадырлуу коноктору:

  • Кадырова Зинат Туратбековна – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук  комиссиясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • Абдыжапар уулу Мундузбек – Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин котормо борборунун эксперти, филология илимдеринин кандидаты;
  • Ормушев Асан Сулайманович – Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор;
  • Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор,  жазуучу-публицист;
  • Бошумова Тлеухор Изембековна – Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ардагери, Кыргыз Республикасынын ардактуу авиатору, 1966-жылы Фрунзе – Москва маршруту боюнча ИЛ-18 самолетунун бортунда Советтик Кыргызстандын биринчи секретары Т.Усубалиев башчылык кылган КПССтин партсъездинин делегаттары үчүн биринчи кыргыз тилинде алып барган алгачкы стюардесса;
  • Исмаилова Даражан Намазовна – И.Раззаков атындагы КМТУнин доценти, филология илимдеринин кандидаты;
  • Качкимбаева Венера Анарбаевна - И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун музейлер бөлүмүнүн башчысы.

ЭКУнун тайпа кураторлорунун 2022-2023-окуу жылындагы окуу - тарбия жаатындагы аткарган иштери боюнча отчеттору

9-июнь күнү окуу жайыбыздын тайпалык кураторлорунун окуу жылды аяктоочу отчеттук жыйыны болуп өттү. Жыйынга университетибиздин ректору, профессор А. Э. Байсеркеев жана Тарбия иштери, эл аралык байланыштар жана Мамлекеттик тил боюнча проректор Ч. И. Джунусбаева катышып кураторлордун 2022-2023-окуу жылындагы окуу - тарбия жаатындагы аткарган иштери боюнча отчетторун угушту. Ректор өз сөзүндө студенттердин тарбиясы университеттин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилеп, бул иштердин ийгиликтүү аткарылышында кураторлордун эмгеги зор экендигин айтты.
Жыйындын акырында окуу жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты иш алып барган кураторлорго ыраазычылык каттар жана грамоталар тапшырылды.

Мыкты студент – 2023

2-июнь күнү Эл аралык Кувейт университетинин 2022-2023-окуу жылынын алкагында жарыяланган “Мыкты студент – 2023” конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү. Аталган конкурстун шарттары боюнча университеттин жана колледждин студенттеринен келип түшкөн документтер атайын түзүлгөн Тандоо комиссиясынын кароосунан өтүп, тандалып алынган 14 студент ар кандай номинациялар боюнча сыйланды.
1-даражадагы Мыкты студент-2023 номинациясына университет боюнча Нурсеит кызы Эдита татыктуу болсо, ал эми колледж боюнча 1-даражадагы Мыкты студент-2023 номинациясына Касымова Гульназ татыктуу деп табылды.
Жеңүүчүлөргө баалуу белектер, диплом жана университеттин атайын статуеткасы тапшырылды.
Салтка айланган бул конкурстун максаты студенттрди окууда жана коомдук иштерде ар тараптуу өнүгүүгө жана стимул берүүгө багытталган.

Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич ТЮРКСОЙ уюмунун медалы менен сыйланды

2023-жылдын 29-майында Эл аралык Кувейт университетинин окутуучусу Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич кыргыз адабиятына кошкон салымы үчүн Эл аралык ТЮРКСОЙ уюмунун медалы менен сыйланды.

Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич – кыргыз тил илиминде гана эмес, жалпы түркологияда да өзгөчө орду, салымы бар, таанымал тилчи-илимпоз, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү.

Медалды Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) Баш катчысы Султан Раев өз колу менен тапшырып, жылуу пикирин айтты: «Бейшенбай агайдан убагында биз дагы билим алганбыз. Бүгүнкү күндө 70тин кырына келип калган жазуучулардын арасынан, тынбай эмгектенип келе жатканын баса белгилеп кетпесем болбойт. Агайдын аңгеме, повестери “Ала тоо” журналына байма-бай чыгып турат эле. Агай сизге бекем ден соолук, узун өмүр чыгармачылык ийгилик каалайм. Адабият майданындагы жолуңуз узак болсун.”


Эске сала кетсек ТҮРКСОЙ уюмуна 30 жыл толду.

ТҮРКСОЙ-түрк маданиятын жана искусствосун биргелешип өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм, түрк тилдүү элдердин маданий-тарыхый мурасын жана жалпы рухий баалуулуктарын эл аралык деңгээлде сактоо, иликтөө жана жайылтуу ишин алып барып келишет.

Эл аралык Кувейт университетинин ректору Байсеркеев Аскар Эсенович куттуктоо сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:
«Бейшенбай Шенкеевич көп жылдар бою, тактап айтканда, 2001-жылдан бери Эл аралык Кувейт университетинде үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Ондогон аспиранттар менен магистранттарды жетектеп, илим майданына такшалтып, тарбиялап келет.
Жаштарды тарбиялоого, кыргыз илими менен адабиятынын өнүгүүсү кошкон салымдары үчүн окуу жай, мамлекет тарабынан бааланып келет. Айта кетсем, агай Кыргыз Республикасынын “Билим берүүсүнүн мыктысы” (2005), Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси (2009), Кыргыз ССРинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталарынын ээси, Эл аралык Айтматов академиясынын академиги.

Бейшенбай Шенкеевич бүгүнкү сыйлыгыңыз менен Эл аралык Кувейт университинин жалпы жамаатынын атынан чын дилибизден куттуктайбыз.Сизге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Мындан ары да калем сабыңыздын сыясы кургабай, жаңы-жаңы чыгармалады окурмандарга тартуулай беришиңизге тилектештигибизди билдериз!”.

Развитие Исламского банкинга и халяль индустрии в странах ЕАЭС

31 мая 2023 года в соответствии с требованиями Министерства образования и науки Кыргызской Республики во исполнение плана мероприятий, приуроченных ко Дню Евразийского экономического союза, кафедра «Экономика и менеджмент» Международного Кувейтского университета организовала и провела круглый стол в онлайн и офлайн формате на тему «Развитие Исламского банкинга и халяль индустрии в странах ЕАЭС».  С участием представителей государственных органов, финансово-кредитных учреждений, организаций и научных кругов Кыргызстана и стран ЕАЭС.

На круглом столе со своими докладами выступили:

  1. Начальник отдела исламских финансовых продуктов Национального

     банка Кыргызской Республики Майташова Самара Назарбековна.

  1. Председатель Государственного финансового надзора при

     Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики

            Пирназаров Марат Тугольбаевич.

  1. Заместитель директора Государственного учреждения "Центр по развитию халал-индустрии" при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики" Усонбек уулу Алмаз.

В ходе круглого стола состоялся конструктивный обмен опытами практического примера стран ЕАЭС по развитию Исламского банкинга и халяль индустрии.  На панельной сессии выступли:

1.Шовхалов Шамиль Ахьядович - д.э.н., профессор, сертифицированный эксперт по исламским финансам. Чеченская Республика.

  1. Магомед Исаевич Яндиев- доцент МГУ им. М.В. Ломоносова, Россия.
  2. Рустам Рустамович Сагдеев – генеральный директор, финансовый дом Амаль. Казань. Россия.
  3. Айдар Абылаевич Жантурин – МФЦА. Казахстан.
  4. Шоев Махмадрузи - Координатор Совета по принципам Исламского финансирования ОАО Исламский Банк «Al Hilal».

 В результате, круглого стола участниками встречи были даны конкретные рекомендации о дальнейшем сотрудничестве и создании единой платформы обмена опытами в практической и научной сферах.