+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

21-кылымдын бүтүрүүчүсүнүн учурдагы абалы жана келечеги жана жумуш берүүчүлөрдүн талаптары

2023-жылдын 15-февралында “Лингвистика” кафедрасы тарабынан тегерек стол уюштурулду.  Бул тегерек столго Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан, министрликтеринен,  мектептерден, университеттерден келген өкүлдөр жана АКШнын Кыргызстандагы ишкердикти жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү боюнча USAID долбоорунун ишкерлери,  УТРКНЫН “Замана” студиясынын баяндамачысы конок катары катышышты. 

Ошондой эле быйылкы 2023-жылкы бүтүрүүчүлөр, 1-2-3-курстун кээ бир студенттери да активдүү катышышты.

“21-кылымдын бүтүрүүчүсүнүн учурдагы абалы жана келечеги жана жумуш берүүчүлөрдүн талаптары” аттуу теманын алкагында талкуулар болду.

Тегерек столдо билим берүүнүн негизги программасы талкууланып, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр өз ой пикирлерин, сунуштарын айтышты.

Ошондой эле ата-энелер да чакырылган эле, алар да өз кезегинде балдарына университет берип жаткан билим канааттандыраарлык экендигин баса белгилешти. Отурумдун жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр түйшөлткөн суроолорун беришип, коноктордон жооп ала алышты.

Анда окуу пландарынын ичиндеги кээ бир сабактардын өтүлүшү, аларга болгон өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү сунушталды. Андан сырткары студенттердин теориялык алган билимдерин, практика учурунда канчалык деңгээлде пайдалана алаары да талкууланды. Ошондой эле иш берүүчүлөр жана окутуучулар ортосундагы байланышты жана студенттерди окутуудагы компетенттүүлүктү талкуулашып, Кыргызстандын келечеги үчүн мыкты адистерди даярдап, иш берүүчүлөр менен мындан ары дагы тыгыз байланышта болуп иштеше тургандыктарын айтышты.

            Бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр тарабынан анкета толтурулду. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, кээ бир жетекчилер менен келечекте биргеликте иш алып баруу үчүн келишимдерге да кол коюлду. УТРКНЫН “Замана” студиясынын баяндамачысы тарабынан жыйындын жүрүшү тартылып алынып, 16-февралда УТРКнын Замана таӊкы берүүсүнүн жаӊылыктар бөлүмүнөн саат 7:55те көрсөтүлдү.

 

Дүйнөлүк ааламдашуу процессинде билим берүү менен илимдин ролу

«Дүйнөлүк   ааламдашуу  процессинде  билим  берүү   менен  илимдин ролу»  аттуу  13.02.2023-ж  өтүлгөн  «Педагогика, колдонмо  информатика  жана  табигый  дисциплина» кафедрасы  тарабынан уюштурулган  тегерек  столго Жогорку  Кеңештин  депутаты, Мамлекеттик  Коопсуздук  Комитетинин   өкүлү,  жогорку окуу  жайлардын  профессор-окуутучулары,   орто мектептик директорлдору, мугалимдери  жана студенттер, студенттердин  ата-энелери  катышышты.Тегерек  столдо  катышкандар ога окутуучу,   п.и.к. Айнура  Сапарбаевна  Машанова  алып барды .

Теманын негизги максаты: Ааламдашуу  процессинин  билим  менен илимдин  ролунун  негизги  максаты  өсүп келе  жаткан  жаш муундардын дүйнөлүк  аренага  чыкканда  атаандаштыкка  туруштук  берүүдө  багыт көрсөтүү.

Тегерек  столдун  жүрүшүндө  келечек  муундун  педагогдорду маалыматтык сабаттулугун калыптандыруу  технологиялары жөнүндө маалымат алышты.Ошондой эле тегерек столдун алкагында иш берүүчүлөр менен  ата-энелердин,суроо-жооптор болду. 

Тегерек  столдун  алкагында иш берүүчүлөр менен ата-энелердин ортосунда өтө актуалдуу  суроо  жооптор  болду.

Тегерек столдун  жыйынтыгында  илимпоздор  илимий  көз караштарын жана стратегиялык  жактан  өз ойлоруун билдиришти.

Келечек  муундун  педагогдорунун  өбөлгөлөру, сунуштары  боюнча ой  пикирлер  айтылды,  келечек  муундун  педагогдору  маалыматтык сабаттуулугун  калыптандыруу  технологиялары  жөнүндө  маалымат алышты.

Медиатехнологиялар өнүккөн доордогу журналистика

Эл аралык Кувейт университетинин Журналистика жана социалдык гуманитардык дисциплиналар кафедрасы тарабынан 2023-жылы 16-февралында “Катар” жыйындар залында “Медиатехнологиялар өнүккөн доордогу журналистика” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага Эл аралык Кувейт университетин ректору, п.и.д., А.Э.Байсеркеев, профессор , ф.и.д., КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Б.Ш.Усубалиев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР эл артисти, ЭКУнун профессору Джаманбаева Т.К., “Кыргыз Туусу” басмасынын башкы жетекчиси М.Б.Тыналиев, “Миң Кыял FM” радиосунун продюссери Т.Кожобеков, ди-джей Э.Элебаева, КР Коммуникаторлор Ассоциациясынын президенти Э.Турдубаева, УТРКнын Улуттук каналынын продюссери, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ЖжСГД кафедрасынын доценти А.К.Касымалиев, “Биринчи радионун” алып баруучусу Т.Т.Чабдарова, “И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика кафедрасынын жетекчиси, филол.и.к. У.К.Жапаракунов, К.Карасаев атындагы БМУнун журналистика кафедрасынын жетекчиси А.А.Эшимканова, “Медиахаб” журналисттик иликтөө борборунун иликтөө журналисти М.Айныкеева, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Ж. Мамажанова, КР экономика министрлигинин жетектөөчү адиси А.Эрмекова, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр, магистранттар жана студенттер катышып, модератор ЭКУнун журналистика жана социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы Ч.Х. Хидирова болду.

Тегерек стол өткөрүүнүн негизги максаттары:
➢ стейкхолдерлер, иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер менен биргеликте кесипкөй адистерди даярдоо маселесинде потенциалдуу иш берүүчүлөр менен конструктивдүү кызматташуунун формаларын издөө;
➢ медиатехнологиялар өнүккөн доорго шайкеш келген бүтүрүүчүнүн моделин түзүү;
➢ журналисттерди даярдоодогу көйгөйлөр менен оптималдуу багыттарды аныктоо болуп эсептелет.
Иш-чарада тандалып тема боюнча негизги баяндамачы катары КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, УТРКнын Улуттук каналынын продюссери, ЖжСГД кафедрасынын доценти А.Т. Касымалиев кызыктуу жана маанилүү баяндама жасады. Кафедранын журналистика багытынын бүтүрүүчүлөрү жана алардын ишке орношуусу жөнүндө А.Турганова видео-слайд аркылуу маалымат берди.

 

Куттуктайбыз!

Эл аралык Кувейт университетинин ректораты, аспирантура бөлүмү жана профессордук окутуучулар жамааты Чинлода Мадина Сулеймановнаны 2023-жылдын 17-февралында 10.02.20-  "Тектештирме –тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими" адистиги боюнча «Тропеические средства выразительности и образности в русском и арабском языках (на материале переводов Корана на русском языке)» филологиялык илимдеринин кандидаттык окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертациясын ийгиликтүү коргошу менен кызуу куттуктап, Мадина Сулеймановнага чыгармачыл ийгиликтерди каалайт!

 

Чинлода Мадина Сулеймановна

 

ЭКУ нин Араб филолгиясы кафедрасынын ага окутуучусу

жана  аспирантура бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү 

Кандидаттык  диссертациялык ишинин темасы: « Орус жана араб тилдериндеги экспрессивдүү жана образдуу троптун каражаттары (Курандын орусча котормолорунун  негизинде )»

Диссертациялык иш Эл аралык Кувейт университетинин араб филологиясы кафедрасында аткарылды.

Илимий жетекчиси: Тагаев Мамед Джакыпович, филологиялык илимдеринин доктору, профессор  КРСУ нун А.О. Орусбаев атындагы орус тили институнун директору.

Расмий оппоненттер: Мадмарова Гулипа Араповна, филология илимдеринин доктору, доцент, Ош МУнун орус филологиясы факультеттеринин деканы;

Момуналиев Кадыр Сатканбаевич, филология илимдеринин кандидаты , доцент Ислам университетинин араб филологиясы кафедрасынын доценти.

2022-жылдын 9-сентябрда Эл аралык Кувейт университетинде   талкуусу ,15-декабрда алдын ала коргоосу Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде болуп өттү.

2023 –жылдын 17- февралында саат 10.00дө Ош мамлекеттик университети жана Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетине караштуу филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргоо боюнча түзүлгөн К10.22.648 диссертациялык кенештин жыйынында корголду.

 

Аспирантура жана магистратура бөлүмү.

Высшее профессиональное юридическое образование: обучение и результат

14 февраля 2023г. направлением «Юриспруденция» был проведён круглый стол на тему: «Высшее профессиональное юридическое образование: обучение и результат».
Главная цель круглого стола - обмен опытом, мнениями между участниками круглого стола (работодателями, выпускниками, родителями). Освещены возможности, перспективы прохождения практики и трудоустройства, а также международный опыт получения юридического образования.
С докладами выступили приглашенные работодатели теоретики, практики в области юриспруденции из Филиала Московской областной Коллегии адвокатов «Бизнес и Право»; ЗАО «Демир Кыргыз Интернэшнл Банка»; Правового отдела Инвестиционной компании «Инвест Центр»; Юридической фирмы «Приоритет ЖасМи»; ОсОО «Бона Фиде Солюшинс».
В завершении круглого стола участникам были вручены Благодарственные письма за сотрудничество и содействие в подготовке юристов и принята резолюция.