+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Меморандума о сотрудничестве Международного Кувейтского Университета и со стейкхолдерами ОАО «Айыл банк»

В рамках формирования экономических компетенций студентов и на кафедре «Экономики и менеджмента» состоялось подписание Меморандума о сотрудничестве Международного Кувейтского Университета и со стейкхолдерами ОАО «Айыл банк» с присутствием преподавателей и студентов.

Где в дальнейшем с целью повышения финансовой грамотности по нейтрализации рисков в деятельности субъектов хозяйствования «Айыл банк» провел открытый урок со студентами ВПО и СПО по направлению «Экономика» и «Менеджмент».

 

                        

                                                                              

Алган сыйлыктарыңыздар куттуу болсун!

Эл аралык Кувейт университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отурумунда көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн ЭКУнун Окуу иштери жана илим боюнча проректору Алмазбек Дүйшөкович Ибраев  Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, ЭКУнун кеңсе башчысы, Эл аралык мамилелер кафедрасынын ага окутуучусу Динара Орозбековна Назаралиева жана Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн Чет тилдер циклдык комиссиясынын төрайымы Майрамкан Бидановна Токторбаева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланышты. 

Кесиптештерибизге бекем ден соолук, иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!!!

 

КМШнын мыкты студенти

Эл аралык мамилелер кафедрасынын 3-курсунун студенти  Назарали уулу Мырза-Али жакында эле Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында болуп өткөн  Көз карандысыз  мамлекеттеринин шериктештиги уюмунун Жаштар ассамблеясы тарабынан уюштурулган маданий иш-чарасында КМШ өлкөлөрүнүн жаштар саясатына зор салым кошкондугу үчүн “КМШнын мыкты студенти”  төш белгисине, 1-даражадагы дипломго жана күбөлүгүнө ээ болду.

Аталган сыйлыкты Эл аралык Кувейт университетинин ректорунун кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык Чынгыз Айтматов атындагы коомдук академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Сулайманович Ормушев тапшырып, мындан аркы окууларына ийгиликтерди каалоо менен чын дилден ак батасын берди.

   

"Чыңгыз Айтматов - ХХI кылымдын кайталангыс жана өчпөс жылдызы"

Социалдык-гуманитардык, табигый дисциплиналар жана дене тарбия кафедрасы тарабынан "Чыңгыз Айтматов - ХХI кылымдын кайталангыс жана өчпөс жылдызы" аттуу улуу залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган интеллектуалдык оюн менен коштолгон атайын  иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада студенттердин курама топторунун эмблемаларынын мааниси чечмеленип, презентациялар, улуу жазуучуга арналган ырлар көркөм айтылып (орус жана кыргыз тилдеринде), чыгармаларынан монолог окулду. Улуу залкар жазуучуга арналган маданий иш-чара интеллектуалдык оюн менен жыйынтыкталды.

 

Кутман курагыңыз куттуу болсун!

Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, белгилүү жазуучу-публицист, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор Бейшенбай Шенкеевич Усубалиев 70 жашта!  

Эл аралык Кувейт университетинин ректораты, жалпы профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери Бейшенбай Шенкеевичтин 70 жаш кутман курагы менен чын дилден куттукташат! Бейшенбай Шенкеевичке узун өмүр, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт  жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!  Урматтуу Бейшенбай агай! Биз Сизди университетибиздин даанышман ак сакал окумуштуу-педагогу жана кыргыз элинин акылман Бакай атасы катары туу тутабыз. Арабызда өзүңүздүн жаштарга деген акыл-насаатыңызды, устаттык таалимиңизди берип жүрө бериңиз!

Сизди терең урматтоо менен, Сиз эмгектенген Эл аралык Кувейт университетинин жалпы жамааты!!!