+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Бир студенттен бир көчөт

КРнын Президентинин “Жашыл мурас” программасынын алкагында 14-апрель күнү Эл аралык Кувейт университетинин кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн 1-курсунун ИЯ(к)ар-1-2-22,  жана ПЮ(к)-1-2-22 тайпаларынын студенттери, кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Г.А. Жамалбекова, тайпалардын кураторлору: Б.Н. Абдраимова, Б.М. Токтобаковалар рамазан айынын урматына Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан “Диляра” атындагы карылар үйүнө барып, чарба иштерине жардам берип, арча, сирень бактарын жана ар кандай көп жылдык гүлдөрдү олтургузуп келишти. Иш-чарага активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык билдиребиз.

Жан дүйнө жаңырыгы

Ата Түрк маданий борбору менен Ата Түрк Илим жана тарых боюнча кеңешинин ардактуу академиги, автордук укукту коргоо боюнча Швейцариялык Кеңештин мүчөсү, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл акын», Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын ээси Эсенгул Ибраевге арналган кече Бишкек шаардык Борборлоштурулган китепкана тармагы менен биргеликте Касым Тыныстанов атындагы № 5 китепканада 2023-жылдын 13-апрелинде “Жан дүйнө жаңырыгы” аттуу поэтикалык тыным уюштурулду.

Кечеге Эл аралык Кувейт университетинин жана кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн чыгармачыл студенттери катышып, Э. Ибраевдин ырларын көркөм аткарып, акынга арнап жазган ырларын окуп беришти.  

Иш-чаранын соңунда Бишкек шаардык Борборлоштурулган китепкана тармагы К.Тыныстанов атындагы китепкана тармагы менен чыгармачыл байланышты түзүп, жаштар арасында улуттук наркты жайылтууга кошкон салымы, эстетикалык тарбия берүүнү уюштуруудагы жигердүү чыгармачылыгы үчүн Эл аралык Кувейт университетинин доценти, кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Жамалбекова Гулнур Асанбековнага, маданий иш-чарага жигердүү катышкандыктары үчүн Эл аралык Кувейт университетинин доценти, п.и.к., Мурзаев Низамидин Токтобековичке, кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн мугалимдери: Абдуламитова Динара Койчумановнага, Абдраимова Бурул Надырбековга ыраазычылык каттар тапшырылды.

Космонавтика күнү кесиптик билим берүү бөлүмүндө

12-апрель дүйнөлүк космонавтика күнү. Ушул күнгө арналып кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн астрономия сабагынын мугалими Алмасбекова Орозкүл Алмасбековна 1-курстун студенттери менен биргеликте көргөзмө бурчун уюштурган. Көргөзмөгө студенттер өздөрүнүн колу менен астрономияга тиешелүү макеттерди жасап коюшту. Студенттер кызыгуу менен чыгармачылык жөндөмдөрүн көргөзүштү.

Бул күнү Советтик космонавт Юрий Гагарин "Восток" космос кемеси менен 1961-жылы "Байконур" космодромунан учуп, Жер планетасын толугу менен айланып чыккан. Ал жердин айланасындагы ааламда 108 мүнөт болуп, Россиянын Саратов облусуна конгон.

1962-жылдын 12-апрелинде СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен бул күн – Космонавтика күнү деп жарыяланып, майрам катары белгилене баштаган.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында экскурссия уюштурулду

Жаштардын руханий адеп-ахлагынын өнүгүүсү жана мекенчилдик сезимин ойготуу, коомго керектүү мыкты адис катарында тарбиялоо максатында Эл аралык Кувейт университетинин  кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин Жамалбекова Гулнур Асанбековнанын колдоосу менен ИЯ(к)-1-20, ПН(к)о(9кл)-1-21,2-22 группаларынын Абдыжапар кызы Нурзаттын куратордук иш-планынын негизинде жана старосталарды көзөмөлдөп иш алып барууда Бактыгүл Сабиржанова  менен биргеликте  05-апрель  күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында экскурссия уюштурулду. 

Студенттерди Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Сыдыков Мурадил Жанышбекович кабыл алып студенттер менен кенен баарлашып  мыйзам чыгаруунун жол-жобосу, депутаттардын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын иш-аракеттери жана кесип тандоо, тарыхый инсандардын баскан жолу менен өрнөктүү өмүрүнөн үлгү алууга үндөп, жаштардын мекенчилдик сезимдерин ойготуу, алардын билим алууга, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга байланыштуу кеп кеңештерди айтып эркин баарлашты.

Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков жаштарга ар бир кесип ардактуу экенин айтып, студенттерди азыркы мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып терең билим алууга, улуу муундан калган улуттук баалуулуктарды аздектеп, Кыргызстандын өнүгүшүнө салмактуу салым кошууга чакырды.

Бул иш-чаранын максаты тарыхый имараттын ичин кыдыртып  пленардык жыйындын жүрүшү менен тааныштырып, тарыхый жерлерди жана мамлекетке эмгеги сиңген инсандардын баскан жолун көрсөтүү аркылуу, студенттердин лидерлик сапатын өрчүтүүгө, мекенчилдик сезимдерин ойготуп, билим алууга умтулуусун жогорулатуу менен өлкөбүзгө, билими менен пайда алып келе турган жаштарды өстүрүү жана аларга багыт көрсөтүү болуп эсептелет.

Жолугушуу Жогорку Кеңештин официалдуу баракчаларында (официалдуу сайтында, инстаграмм, фейсбук, твиттер, телеграмм) жана  Ынтымак партиясынын баракчаларына, депутаттын өздүк маалыматтык булактарында жарыяланды. Бул маалыматтык колдоолор Эл аралык Кувейт университетинин жана кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн репутациясын жогорулатууга жана профорентациялык багыттагы иштерге жарнама катарында пайдаланууга болот.

Турдакун Усубалиев улут сыймыгы

2023-жылдын 29-мартында Эл аралык Кувейт университетинин "Катар" жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин өмүрү жана ишмердүүлүгүнө арналган "Т.Усубалиев - улут сыймыгы" аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Т.Усубалиев менен үзөңгүлөш эмгектенген, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Турдакун Усубалиевдин өмүрү жана ишмердүүлүгүнө арналган китептин автору Бактыбек Максүтов катышып, өзүнүн эскерүүлөрү менен бөлүштү. Аталган иш-чара Т.Усубалиевдин өмүрү жана чыгармачылыгын даңазалаган сүрөт көргөзмөсү, интеллектуалдык оюн, ачык сабактар сыяктуу бир катар иш-чаралардын жыйынтыктоочусу катары өткөрүлдү. Тегерек столдун коногу Б.Максүтов Эл аралык Кувейт университетинин ректору А.Э.Байсеркеевге жана активдүү катышкан студенттерге өз калемине таандык китептерди белек кылды жана ыраазычылыгын билдирди. Ал эми ректор өз сөзүндө өмүрү жана ишмердүүлүгү менен үлгү болгон биздин тарыхый инсандарыбызды даңктоо максатында мындай иш-чаралардын арбын өткөрүлүп турушунда кызыкдар экенин билдирди.