+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Меморандумга кол коюлду

2022-жылдын 6-декабрында Эл аралык Кувейт университети менен Коммерциялык эмес акционердик коому «М.Дулати атындагы Тараз аймактык (мамлекеттик) университеттин» ортосунда «Кызматташтык боюнча» Меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун предмети болуп алдыңкы окутуучулар жана илимпоздору, докторант, магистрант жана студенттери менен алмашууну камтыган биргелешкен илимий-техникалык өнүгүү программаларын ишке ашыруу жаатында инновациялык, илимий-техникалык жана билим берүү тармагындагы кызматташуу саналат.

 

Академиялык мобилдүүлүк

 

  1. 2022-жылдын 5-декабрдан 9-декабрга чейин академиялык мобилдүүлүктүн алкагында «Экономика жана менежмент» кафедрасынын тѳмѳнкү окутуучулары

ФИО преподавателя

Тема

Дисциплина

Курс

1

Макешова Перизат Шабданбековна

Концепция бухгалтерской (финансовой) отчетности в международной практике

Бухгалтерская (финансовая) отчетность

4

2

Джунусбаева Чолпон Исаевна

Издержки производства и прибыль фирмы

Микроэкономика

1

3

Ибраева Гульзат Турганбековна

Фундаментальный и технический анализ рынка ценных бумаг

Рынок ценных бумаг

4

4

Ниязалиева Кундуз Насирдиновна

Основные функции менеджмента: планирование, организация, мотивация и контроль

Менеджмент

4

 

Эл аралык Тараз инновациялык институттун студенттери үчүн лекцияларын окуп, сертификаттарга ээ болушту.

 

Ошондой эле журналистика жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору Койчуманова Нургүл Мааметовна М.Дулати Тараз аймактык университетинин «Журналистика» багытынын магистранттарына лекцияларды окуп, сертификатка ээ болду.

 

18- декабрь Бүткүл дүйнѳлүк араб тили күнүнѳ карата, араб тили жумалыгы болуп ѳттү

Эл аралык Кувейт университетинде 18- декабрь Бүткүл дүйнѳлүк араб тили күнүнѳ карата, араб тили жумалыгы болуп ѳттү. Бул жумада тѳмѳнкү иш - чаралар аткарылды:
• Араб каллиграфиясы боюнча мастер класс;
• Араб каллиграфиясы боюнча кѳргѳзмѳ;
• Араб тилинде дил баян жазуу;
• Университеттин тайпалары арасында сынак (кѳркѳм окуу, сценка);
• ОКББ бѳлүмүндѳ интелектуалдык оюндар;
• Араб тили боюнча дебат;
• Араб филологиясы» кафедрасынын бүтүрүүчүлѳрү менен тегерек стол.

«Араб филорлогиясы» кафедрасынын жамааты тарабынан уюштурулган бул саамалык бир жума боюу ѳткѳрүлүп, 15- дкабырда университеттин чон залында жыйынтыктоочу иш-чара болду.
Бул иш- чараны Эл аралык Кувейт университеттин ректору профессор Байсеркеев А.Э. ачып профессор-окутуучулар жамаатын, студенттерди араб тили күнү менен куттуктап, женүүчүлѳргѳ чакан белектерди тапшырды. Жыйынтыгында студенттер тарабынан даярдалган чакан концерт коюлду.

Дүйнөлүк Куран жарышынын женүүчүсү бизде мейманда

Сауд Арабиясынын Мекке шаарында 42-жолу өткөрүлгөн бүткүл дүйнөлүк Куран жарышына дүйнөнүн 111 мамлекетинен 153 хафиз айтуучу катышкан. Дүйнөнүн алдыңкы хафиздеринин ичинен Эл аралык Кувейт университетинин бүтүрүүчүсү  Мухаммедали Умаров  30 пара  Куранды жатка айтуу жана тафсир категориясы боюнча 1-орунду багынткан.  Жеңүүчү мекендешибиз 250 миң риалга (5 млн 500 миң сом) ээ болгон.

Бул 24 жаштагы Мухаммедали Умаровдун биринчи ийгилиги эмес, анткени 2015-жылы Турцияда жана 2020-жылы 17-февралда Иран мамлекеттеринде болуп өткөн Дүйнөлүк Куран жарыштарда эки жолкусунда тең 3-орунду ээлеп  коло медалдын ээси болгон.

Мухаммедали Умаров 2016-2020-жылдарда Эл аралык Кувейт университетинин гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин араб филологиясы адистигинде окуган.

Эл аралык Кувейт университетинин араб тил жумалыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасында дүйнөлүк Куран окуунун жеңүүчүсү Мухаммедали Умаров ардактуу конок катары чакырылды.  Мухаммедали Умаровду Эл аралык Кувейт университетинин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Аскарбек Эсенович Байсеркеев, араб филологиясы кафедрасынын профессор-окутуучулар жамааты жана университеттин студенттери тосуп алып, ыраазычылык айтып бул окуу жайдын бүтүрүүчүсүнун мындай ийгиликке жетиши менен университеттин жалпы жамааты сыймыктанып жаткандыгын  билдирди.

Эң мыкты эссе жазгандыгы үчүн акчалай сыйлык утуп алды

Белгилүү коомдук ишмер, журналист публицист Мелис Эшимкановдун 60-жылдыгын утурлай уюштурулган эскерүү иш-чарасында Эл аралык Кувейт университетинин Журналистика факультетинде окуган 4-курсттун студенти Асылбекова Бермет «Эң мыкты»  эссе жазгандыгы үчүн акчалай сыйлык утуп алды. Бул эскерүү иш-чарасына Кыргызстандагы бардык университеттердин журналистика бөлүмүнүн студенттери  катышты. Иш-чарада тандалып алынган 32 студенттин ичинен, эң жогорку  деңгээлде жазылган 8 жазмакерлердин катарында  Асылбекова Берметтин эссеси бааланып, Мелис Эшимкановдун стипендиясы ыйгарылды. Бул сынакка жогорку деңгээлде  даярдаган  Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетинин окутуучусу Эмильбекова Асель эжеге жана жеңүүчү студентибиз Асылбекова Берметке ыраазычылык билдиребиз!